Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.03.2015 10:25

Кара-Балта шаарындагы диаспоранын жаңы төрагасы болуп казак диаспорасынын өкүлү Телеген Смаилов шайланды

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы казак диаспорасынын өкүлү Телеген Смаилов диаспоранын жаңы төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматында, Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунда «Кызматташтык» улуттук-маданий борборунун аймактык кеңешинде кадрдык өзгөрүү болду.

Бардык диаспоралар кирген бул борбордун жаңы жетекчиси болуп чакан жана орто бизнес ишкери, шаардык кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстан элдер ассамблеясынын жигердүү мүчөсү Телеген Смаилов шайланды.

Борбордун мурдагы жетекчиси Мирза-Али Рзаев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын бошотуп берди, бирок ал азербайжан диаспорасынын төрагасы бойдон кала берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×