Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.03.2015 11:38

Кара-Балта шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин 40 млн сом эркин каражаты колдонула турган багыттар аныкталды

Turmush -  Кара-Балта шаарынын бюджетинен 2015-жылдын 1-январына карата 40 млн 733 миң сом өлчөмүндө эркин каражат калган. Мындан тышкары, атайын эсепте 254,7 миң сом бар.

Шаардык кеңештин депутаттарынын «2015-жылдын бюджетин колдонуу жөнүндө» токтомуна ылайык, бул каражаттар колдонула турган багыттар аныкталды.

Каражаттын 1 млн 600 миң сому балдарга мектепке чейинки билим берүүчү муниципалдык бала бакчалардагы тамактанууга, 3 млн 221 миң сому мэриянын кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр үчүн, 949,1 миң сом шаардык кеңештин муниципалдык кызматкерлери үчүн жана 736,7 миң сом муниципалдык менчик башкармалгынын кызматкерлери үчүн каралды.

Ошондой эле, ардагерлердин шаардык кеңешине - 144,5 миң сом, кепилдик фондуна - 1 млн сом, «Кара-Балта» футбол клубу үчүн - 5 млн 798,3 миң сом, мэрдин резервдик фондуна - 2 млн 411,8 миң сом каралат. Мындан тышкары, каражат турак жай коммуналдык чарба беренеси боюнча колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×