Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.02.2015 16:43

Кара-Балта шаарында согуштун катышуучуларына Ата Мекенди коргоо күнүнө карата концерт уюштурулду

Turmush -  Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият борборунда 24-февралда Ата Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык концерт өткөрүлдү.

Билдирүүгө таянсак, бул жакка Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ооган жана Баткен согушунун катышуучулары чакырылды.

Маданият борборунун директору Шахида Ахмедованын айтканына караганда, бул үч согуш жөнүндө видео көрсөтүлгөн.

«Ырлар Улуу Ата Мекендик Согуш, Ооган жана Баткендеги согуштар жөнүндө ырдалды. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлери чакырылган, бирок алардан экөө, Ооган согушунун ардгерлеринен бирөө эле келген. Ал эми активдүү келип катышкан катышуучулар Баткен согушчулары болду. Концерттин жүрүшүндө алар өздөрүнүн уюмдарынын Ардак грамоталары менен сыйланышты», - деп билдирди Шахида Ахмедова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×