Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.02.2015 12:25

«Курманжан датка» тасмасынын көрсөтүлүшү менен Кара-Балтадагы «Жаштык» кинотеатры «Кыргызстандагы мыкты кинотеатр-2014» деп табылды

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин диплому Кара-Балта шаарында жайгашкан мамлекетке караштуу «Жаштык» кинотеатрынын директору Касымбек Курманалиевге тапшырылды.

Аталган кинотеатр бул сыйлыкка татыктуу болуп, Жайыл району боюнча 8 миң көрүүчү көргөн «Курман датка» тарыхый тасмасын көрсөтүүнүн жыйынтыгы менен табылды.

Директордун айтымында, «Жаштык» кинотеатрынын планы 216%га аткарылып, кинотеатрдын кызматкерлери 50 миң сом өлчөмүндө сыйлыкка ээ болушту. деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул каражатты кичи залга 3D орнотууга жумшоо пландалууда.

Кара-Балта шаарында көрүүчүлөрдүн суранычы менен 2014-жылдын ноябрь айынын башында «Курманжан датка» тасмасын көрсөтүүнүн 3-сезону аяктаган. Бул тасманын айрым сеанстарына 200дөн ашуун көрүүчүлөр келген учурлар болду.

«Бизде көрсөтүлгөн тасмалардын айрым сеанстарына бир үй-бүлө келген учурлар да болгон. Ошондуктан, 200 көрүүчү биз үчүн аншлаг болуп эсептелет», - деди К.Курманалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×