Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.02.2015 10:13

«Кара-Балта суу канал» муниципалдык ишканасынын жаңы башчысы болуп В.Алиев дайындалды

Turmush -  Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Кара-Балта суу канал» муниципалдык ишканасына кечээ, 18-февралда жаңы жетекчи келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын маалыматына караганда, ишканага жаңы башчы болуп Виктор Алиев дайындалып, жамаатка тааныштырылган.

Мурдагы башчы Шамил Мамбеталиев ден соолугуна байланыштуу жумуштан арыз жазып, өз каалоосу менен кетип жаткандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, Ш.Мамбеталиев жетекчилик кызматын 2013-жылдын август айынан бери аркалап келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×