Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.02.2015 10:31

Кара-Балта шаарында окуучуларды жана студенттерди финансылык сабаттуулукка үйрөтүп жатышат

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын бир катар окуу жайларын КР Улуттук банкынын өкүлдөрү келип кыдырып жүрүшөт, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Берилген маалыматка караганда, №10 Макаренко орто мектебинин жана техникалык-экономикалык колледжинин окуучулары финансылык сабаттулук боюнча лекция угушкан. Улуттук банктын өкүлдөрү аларга банктын бардык кызматтары жана банктын өндүрүмдөрү жөнүндө, анын ичинен пластика карталары, кредит системасы жана депозит боюнча маалымат бере кетишти, деп берилет маалыматта.

Өзгөчө токтолгон маселелер үй-бүлөлүк бюджетти жайгаштыруу жана бөлүштүрүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Биз акчаны үнөмдөө деген эмне экенин, өзүнүн бюджетин туура колдонуу, пландап сарптоо боюнча маалымат берип жатабыз. Анткени, ушул эле балдар кийин өз алдынча чечим чыгара билүү керек болот. Биз үчүн аймактагы жаштар менен иштөө маанилүү, себеп дегенде алар келечектеги коммерциялык банктын кардарлары болуп саналат. Балдар кичине кезинен эле финансылык сабаттуулукту үйрөнүшсө, келечекте алар акчасын туура колдонушуп, ийгиликтүү адамдардын катарын толуктайт», - деп белгилей кетти Улуттук банктын юридикалык башкармалыгынын башкы юристи Мирлан Майтпасов.

Окуучулар жана студенттер банктын өкүлдөрүнөн Улуттук валютанын тарыхы, жасалма акчаларды аныктоо эрежелери, банк өндүрүмдөрү жана жеке финансы жагын туура пайдалануу тууралуу кенен маалымат алышты. Мындан сырткары, лекцияда банк операцияларын жасоодо кантип сактануу керектигин да угушту.

М.Майтпасовдун айтканына караганда, ушул жылдан баштап, Улуттук банк элдин финансылык сабаттуулугуна көңүл бура баштаган. Анткени, кээ бирөөлөр материалдык абалын жакшыртуу үчүн финасылык кызматтарды ишенимдүү түрдө колдонуп жатышса, кээ бирөөлөрү банктын кызматтарын билишпей жана ишенбей, акчаларын башка жерде сактоону туура көрүп жатышат. Жөнөкөй эле мисал, матрац же жууркандын алдына сактап коюшат. Бул албетте туура эмес.

Белгилей кетүүчү нерсе, кыска мөөнөттөгү программа менен бул лекциялар аймактын бардык тарабында жүргүзүлүп жатат. Лекция бир гана окуу жайда окуган окуучу жана студенттерге окулбастан, орто жана кичи ишкердүүлүк менен алектенгендерге, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана фермерлерге да окулуп жатат. Финансылык сабаттулук боюнча программанын жүрүшүндө башка да иш-чаралар пландалган. Негизги маселе, атайы адистештирилген интернет-сайтты түзүп, анда банк жана микрокредиттик кызматтардын колдонуучуларына көмөктөшүү болмокчу. Мындан сырткары, Улуттук банктын кызматкерлери маалыматтык брошюраларды жана балдарга арналган комиксттери бар китепчелерди чыгарганы жатышат. Алар Кыргызстандын бардык аймактарына таратылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×