Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.02.2015 16:52

Кара-Балтада 11 диаспоранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Эне тил күнү белгиленет

Turmush -  Кара-Балта шаарында жайгашкан Ленин атындагы шаардык маданият ордосунда 20-февраль күнү диаспоралардын катышуусу менен Эне тил күнү белгиленет.

Маданият ордосунун жетекчиси Шахида Ахмедова аймактык кабарчыга билдиргендей, аталган иш-чараны уюштуруу иштерин мэрия менен маданият ордосунун кызматкерлери жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө уйгур, орус, өзбек, украин жана азербайжан диаспоралары концерттик программаларын даярдап жатат.

«Кыргызстанда жашаган аз улуттун өкүлдөрү көрүүчүлөрдүн алдына улуттук кийимдери менен чыгып, өз эне тилдеринде ырдашат. Кара-Балта шаарында расмий түрдө 11 диаспора катталган. Алардын максаты өз элинин салтын сактоо жана маданиятын өнүктүрүү болуп эсептелет», - деди Ш.Ахмедова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×