Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.01.2015 16:35

Айыл турмушу: Кара-Балтада 94 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери П.Нестеров активдүү иш алып барат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын активдүү тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Павел Нестеров, 94 жашта. Бул боюнча Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ардагер Павел Нестеров 2015-жылдын14-январында 94 жашын белгиледи. Ал көптөгөн жылдар бою шаардын эң биринчи ардагерлер түзүмүнүн төрагасы, «КГРК» ААКтын ардагерлер уюмун жетектейт. Павел Нестеров жөнөкөй жарандар менен карылардын кызыкчылыктарын коргоп, аларга жардам берип гана тим болбостон, шаар бийлигинин расмий жолугушууларына да катышат.

Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, Кара-Балта шаарынын вице-мэри Эмил Орозабков жана райондун ардагерлер башкармачылыгынын жетекчиси Аппан Абдыкеев ардагердин үйүнө барып, туулган күнүн куттуктап өтүштү.

«Ардагер Павел Кара-Балта шаары менен Жайыл районунда белгилүү адам. Ал өзүнүн жашына карабай, коомдо активдүү иш алып барат. Шаардык кеңеште, тургундардын чогулушунда катышат, жаштар менен жолугушат, райондун ардагерлер уюмунун активдүү мүчөсү. Анын билимине, турмуштук тажрыйбаларына таянып, көпчүлүк шаардын жана райондун жетекчилери аны угат, кеңеш алышат. Мындан тышкары Павел Нестеров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгондугу үчүн коомдо сыйлуу орунга ээ», - дейт Жайыл районунун акими Т. Ногоев.

Район жана шаар жетекчилери ардагерге бекем ден соолук жана мындан аркы коомдогу иштерине ийгилик каалап кетишти.

А 1

А 2

А 2

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×