Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.01.2015 16:11

Кара-Балтада мектептерде кыргыз тилинде сабак берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн техникалык базасын жакшыртышат

Turmush -  Кара-Балта шаарында 2015-жылы окуу мекемелеринде кыргыз тилинде сабак берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн материалдык техникалык базасын жакшыртышат. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адиси Гүлжан Байбосунова билдирди.

«25 жыл аралыгында кыргыз тил өзүнүн тили болбогон баардык жашоочулар эркин сүйлөп калышы болжолдонот. Эми мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн экинчи этабы башталууда. Мисалы, Кара-Балта шаарынын мэриясы бир ай мурун шаардын мектептери үчүн кыргыз тилин үйрөнүүчү бөлмөлөрүнө компьютерлерди сатып алды. Бул жылы кыргыз тилинин бөлмөлөрүн жабдуу улантылат. Бул жакка методикалык басылмалар, көркөм жана илимий адабияттар сатылып алынат. Семинарлар жана тегерек столдор даярдалууда. Мугалимдер сынактарга катышышат», - дейт Гүлжан Байбосунова.

«Албетте, басым мамлекеттик тилди үйрөнүүгө коюлбайт, бирок ошону менен Кара-Балта шаарындагы башка элдердин тилдерин өнүктүрүүгө баардык тараптан жардам көрсөтүшүбүз керек», - дейт Г.Байбосунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×