Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.01.2015 15:27

Кара-Балта шаарында кыргыз тил сабагынын мугалимдери тил жана аны өнүктүрүү планы боюнча 3 айлыктын жыйынтыгы менен таанышышты

Turmush -  Чүй районунун Кара-Балта шаардык мэриясынын конференц-залында 9-январда окуу жайларынын кыргыз тил мугалимдеринин чогулушу болуп өттү. Бул жыйналыш мэриянын мамлекеттик тил боюнча адиси Гүлжан Байбосунова тарабынан уюштурулган.

Жолугушуу учурунда мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн саамалыктар, акциялар, ачык сабактар, конкурстук викториналар, чыгармачылык кечелер жөнүндө айтылып өттү.

«Ар жылы биз бала бакча, мектеп, лицей жана ЖОЖдордо сабактан тышкары сөзсүз түрдө кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сабактар өткөрөбүз. Мындан сырткары, ар жылы, бир чоң программадагы кече өткөрөбүз. Өткөн жылы шардын борбордук аянтында, Ленин атындагы маданият үйүнүн алдында, билим берүү мекемелеринин парады өткөрүлүп, мектеп окуучулары жана студенттери мамлекеттик тил жана Кыргызстандын маданияты боюнча чыгармачылык номерлерди даярдап аткарышкан. Бул учурда Кара-Балта шаарынын кыргыз тилинде сүйлөбөгөн тургундарына басым жасаганбыз», - дейт Гүлжан Байбосунова.

Тегерек үстөлдө Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун билим берүү бөлүмдөрүнөн келишкен 18 мугалим катышышты. Жолугушуунун максаты - бардык мугалимдерди программа менен тааныштыруу, таржрыйба алмашуу жана билим берүү жайларында кыргыз тилин эффективдүү үйрөтүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×