Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.01.2015 11:56

Кара-Балта шаарында райондук поликлиниканын айланасы курчоого алына баштады

Turmush -  Кара-Балта шаарында райондук поликлиниканын имараты жана анын айланасы курчоого алына баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин өтүнүчү менен анын имаратынын айланасына тосмо курула баштады.

Маалым болгондой, курулуш иштери декабрь айынын аягында башталып, майрамдан кийинки күндөрү улантылууда. Анын курулуш иштерине каражат шаардык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 2008-жылы 2 поликлиника бириктирилгенге чейин анын тосмосу болгон, бирок учурда ал эл өтүүчү жайга айланган. Медицина кызматкерлери, тосмо орнотуу менен катар поликлиниканын бейтаптары үчүн жеке даараткана салууну өтүнүшүүдө. Бирок бул маселе жетекчилик тарабынан карала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×