Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 22.12.2014 12:43

Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектебине быйыл 113, 5 миң сомго 5 компьютер жана 1 принтер тапшырылды

Turmush -  Ак-Башат, Федоровка, Талды-Булак айылдарында жана Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебине долбоордун негизинде үстүбүздөгү жылы 529 миң сомго эмерек алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектебине 113, 5 миң сомго 5 компьютер жана 1 принтер тапшырылды. Ошондой эле, Буденовка айылындагы мектепке 81, 76 миң сомго 4 компьютер берилген. Аны менен катар, райондогу бардык мектептерге 4,9 миң сомго окуу-методикалык куралдар жана 160,9 миң сомго окуу куралдар алынды.

Долбоордун алкагында 100 инновациялык мектепти интерактивдүү жабдуу менен камсыздоодо А.С.Макаренко атындагы мектеп жана Новониколаев орто мектеби 932,56 миң сомго компьютерлер жана интерактивдүү такталар менен камсыз болду.

Мындан тышкары, Жайыл районунда 63 окуу объектиси 37 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, окуу процессине даярдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×