Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Луннань шаарынан келген делегациянын расмий жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар өз ара кызматташуу, өнөр жай секторун жана экономиканы, маданият жана социалдык чөйрөнү, ошондой эле туризм жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаары аймакта өнөр жай турмушунда маанилүү роль ойноорун белгиледи. Кара-Балта өзүнүн өнөр жай мурасы менен белгилүү болуп, негизги транспорттук түйүн жана продукциянын кеңири ассортиментин кайра иштетүүчү маанилүү борбор болуп саналат.
«Акыркы жылдары Кара-Балта шаары өзүнүн потенциалын активдүү өнүктүрүп, заманбап жана динамикалуу, эл аралык кызматташууга ачык шаар болууга умтулууда. Биз буга чейин КЭРдин үч шаары — Анькань, Жичжао жана Шаньдун менен меморандумдарды түзгөнбүз», - деди мэр.
Жергиликтүү бийликтин алдында турган негизги максаттарга өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, экономикалык байланыштарды жана технология алмашууну кеңейтүү кирет. Маданий-агартуу байланыштарын чыңдоо, эки элдин салттары жана тажрыйбасы менен өз ара үйрөнүү жана таанышуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулуу. Шаар үчүн айрыкча климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча учурдагы көйгөйлөрдү эске алуу менен экология жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташтык маанилүү артыкчылык болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Мирлан Жекшенов менен вице-мэр Лю Чэн эки шаарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Делегация «Джунда» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо процесси менен таанышышты.