Turmush — Кара-Балта шаарында жалпы 11 миңден ашык метр суу түтүктөрүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Жайыл баатыр көчөсүндөгү 4987 метрлик жана Луговая көчөсүндөгү 6217 метрлик суу түтүктөрүн оңдоонун 1-этабы башталды. Биринчи лоттун баасы 38 млн 515 миң 872 сомду түздү.
Шаар мэри Мирлан Жекшенов КР президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен шаарды өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи. Өнүктүрүү долбоорунун алкагында жалпы узундугу 23 528 метрди түзгөн таза суу түтүктөрүн алмаштыруу каралган.
«Биз шаардын инфраструктурасын, социалдык секторун жана көрктөндүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыктык. Алардын бири — ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу. Белгисиз себептер менен ишке ашпай калган ар кандай долбоорлор болгон. Азыр үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу — биздин негизги милдет», - деди шаар мэри.
Ал 1 миллиард сомдук долбоорду ишке ашырууга максималдуу күч жумшаларын убада кылды.
Суу түтүктөрү Т.Кожомбердиев, Фрунзе, 8-март, Т.Владимиров, Биринчи май, Агрономический, Громов, Садовой, Ильич, Садовой кесилиши, Совет, Жаштык, Дзержинский, Дачный, Береговый, Темир жол көчөлөрүндө алмаштырылышы керек.