Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы бала бакчаларда кыска мөөнөттүк тайпалар ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Балдар чыгырмачылык үйүндө жана «Дельфин», «Золотой петушок» бала бакчаларында жалпы 300 орундук 3 сааттык кыска мөөнөттүк тайпалар уюштурулду.
Бул тайпаларга 5-6 жаштагы балдардын тамактануу жана уйкудан башка өнүктүрүү программасы каралган. Окуу процесси акысыз өткөрүлгөндүгү социалдык абалы төмөн үй-бүлөлөргө жардам катары каралган.
Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов долбоорду каржылоого көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.
«Шаар мэриясы өз кезегинде социалдык тармакты өнүктүрүүгө да аракет кылат. Белгилей кетсем, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 1 млрд сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферти Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнүүдө. Бул максаттуу трансферттин эсебинен долбоордук кубаттуулугу 150 орундуу бала бакча курулат», - деди мэр.