Turmush — Чүй облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагери, 100 жаштагы Кошкоро Жаманкуловго батир тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Балта шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев, Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев, Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейиткулов жана башкалар катышты.
Салтанаттуу иш-чарада ардагер Кошкоро Жаманкуловго мамлекеттин атынан батирдин ачкычы тапшырылып, «Жайыл районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
Аксакалдын 7 баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.
————————————
Кошкоро ата 1924-жылы туулган. Кичинесинен билимге умтулган жаш жигит келечекте мугалим болууну самаган. Бирок капыстан тутанган Улуу Ата Мекендик согуш башкалардыкы сыяктуу эле анын да ой-тилегин ойрон кылып, жашоосун өзгөрткөн. Анткени, 1942-жылы өз каалоосу менен согушка аттанып, 3 жыл фронтто жүргөн. Кетеринде чоң энеси Секи атактуу балбан Кожомкулдан бата алып берип узаткан.
Кошкоро Жаманкулов Turmush басылмасына берген маегинде 234-аткычтар полкундагы минометтук ротада кызмат өтөгөнүн айткан. Ленинградды коргоого катышып, Латвия, Литва, Белоруссияда кан кечкен. Беш жолу жарадар болгонуна карабай согуш бүткөнчө майдандан кеткен эмес. Жеңиш жөнүндө сүйүнүчтүү кабарды Латвиядан уккан.
Кошкоро Жаманкулов эл-жерине болгон кусалыгы жеңиш менен акталып, 1945-жылы мекенине аман-эсен кайтып келет. Көрсөткөн эрдиктери бааланып, эки жолу биринчи жана экинчи даражадагы «Улуу Ата Мекендик согуш» ордендери, Г.К.Жуков атындагы, Фашисттик Германияны женгендиги үчүн жана башка көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган.